Факультет экономики и менеджмента

«Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасы

«Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын тарыхы

    Учурда «Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү» жана «Статистика, маркетинг жана моделдештирүү» кафедраларынын биргелешкен курамында «Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү» деген аталыш менен иштейт. Кафедранын тарыхы жогоруда аталган биргелешкен кафедралардын тарыхына негизделет:
1. «Жогорку математика» кафедрасы 1951-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун гидромелиорация факультетинде үч кызматкердин өлчөмүндө уюшулган. 2003-жылы кафедра башчысы профессор У.М. Туганбаевдин жетекчилигинин астында «Экономикадагы математикалык ыкмалар» жаңы адистиги ачылган. Жана кафедра «Жогорку жана прикладдык математика» деп аталды. Ошол кездеги институттун студенттеринин санынын өсүшү менен кафедранын курамы да кеңейген. Кафедранын тарыхы республикабызда да, ошондой эле чет өлкөлөрдө кеңири белгилүү болгон окумуштуулардын ысымдары менен тыгыз байланышта. Бул жылдар аралыгында кафедрада физика-математика илимдеринин докторлору: профессорлор Ефимов З.Ф., Абдылдаев М.Ю., КР УИА корреспондент-мүчөсү Бийбосунов И.Б., Мамбеткулов Ж.М., Жаманбаев М.Д., техника илимдеринин доктору профессор, АКК мүчө-корреспонденти Молотникова А.А., физика-математика илимдеринин доктору, профессор Туганбаев У.М., педагогика илимдеринин доктору, профессор Алиев Ш.А., доценттер: Болдинский В.И., Жолдошев О.Д., Темирбаев К.Т., Сулайманов Ж.С., Омуралиев А.С., Осмонова Ч.О., Бийбосунова Г.И., Казыбаев А.К., Аблабеков Б.А., Божокоев М.Б., Урманбетов Р.Ж., Дыйканова А.Т., Жумалиев Т.Ж. Биздин университетибиздин дубалында: Ефимов З.Ф., Абдылдаев М.Ю., Мамбеткулов Ж.М., Жаманбаев М.Д., Туганбаев У.М докторлук диссертацияларын жакташып, ошону менен кафедрабыздын тарыхын көбөйтүп, байытышкан. Ошондой эле кандидаттык диссертацияларды Божокоев М.Б., Урманбетов Р.Ж., Дыйканова А.Т., Жумалиев Т.Ж. жакташкан. 2003-жылдан баштап «Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасын: физика-математика илимдеринин доктору, профессор Туганбаев У.М., физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Жумалиев Т.Ж. башкарышкан. 2020-жылдан баштап «Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасын физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Дыйканова А.Т. жетектеп келет.
2. 1972-жылы К.И.Скрябин атындагы университетинде «Экономикалык кибернетик» кафедрасы түзүлгөн. 1991-жылы «Экономикалык кибернетика» кафедрасынын базасында «Статистика жана моделдештирүү» жана «Информатика» кафедралары түзүлгөн. Кафедраны ар кайсы жылдарда доценттер Колобаев Д.Р., Шаршенова А.Ш., Батырканов М.Ш. жетектеген. Аталган кафедранын базасында 2006-жылы “Статистика” жаңы адистиги ачылган. 2011-2016-жылдары кафедраны экономика илимдеринин кандидаты, доцент Козубекова С.Ж. башкарган.

    2022-жылы “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит” кафедрасы менен биргеликте “Цифровая аналитика” профили ачылган. Заманбап дүйнөдө санариптик ресурстарды жана технологияларды колдонуу ар кандай кесипкөй чөйрөдө ийгиликтүү каржылык жана чарбалык ишмердүүлүктүн милдеттүү шарты болуп саналат. «Санариптик аналитика» профилинин бүтүрүүчүлөрү санариптик керектөө жана коопсуздук маселелерин ийгиликтүү чечкен жогорку санарип сабаттуулугу бар адистер. Бул профилдин окуу планы экономиканын түрдүү тармактарын санариптештирүү жаатында жаңы технологиялык тенденциялардын механизмдерин өздөштүрүүсүнө мүмкүндүк берүүчү сабактарды камтыйт. «Экономика» багытында «Санариптик аналитика» профилинин пайда болушу бизнес-коомчулуктун компаниянын кызыкчылыгы үчүн терең талдоо жүргүзүүгө жөндөмдүү, IT жана экономика чөйрөсүндө билими бар адистерге муктаждык менен шартталган. Профиль боюнча бүтүрүүчүлөр жеке IT-компанияларда гана жумушка орношпостон, мамлекеттик сектордо да ийгиликтүү иштей алышат.

ДАЯРДООНУН БАГЫТТАРЫ ЖАНА АДИСТИКТЕРИ

Кафедра 580100 – «Экономика» багытындагы «Экономикадагы математикалык ыкмалар» профили боюнча адистерди даярдайт.

Азыркы мезгилде болуп жаткан экономикалык процесстерди, математикалык ыкмаларды  катыштырбастан талдоо практикалык жактан мүмкүн болбой калды. Экономика-математикалык ыкмалар жана моделдер, экономикалык системаларда болуп жаткан процесстерди жакшыраак түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Математикалык ыкмалар, ар кандай экономикалык илимдин, анын ичинде экономикалык теориянын ыкмаларынын  ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК

Борбордук Азия жана Түштүк Кавказ –өлкөлөрүн өнүктүрүү үчүн, 6 өлкөнүн –КАСКАД : Армения, Азербайджан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 15 айыл-чарба университеттеринин студенттеринин семестрдик академиялык мобилдүүлүгү боюнча  онлайн режиминде консорциуму уюштурулган.  Биздин кафедрадан «Экономикадагы математикалык ыкмалар» профили боюнча төмөнкү студенттер катышты:

  1. Алмасбекова А. 4-курс
    2. Эшболот К. Б. 4-курс
              3. Ажыбек у. B. 4-курс
              4. Абасбек к. П. 4-курс


2020-жылдын 7-сентябрынан 2021-жылдын 15-январына чейин, Экономика жана маалыматтык системалар факультетинин 30 студенти (3 жана 4 курстары), Эл аралык экономика жана башкаруу мектебинде төмөнкү дисциплиналар боюнча билим алышкан:
1. Санариптик экономика – Ташкент институтунун айыл чарбалык механизация жана  ирригациялык инженерия чарбалары;
2. Жашыл экономика – Казак улуттук агрардык изилдөө университети;
3. Циркулярдык экономика — Жангирхан атындагы Батыш-Казакстан агрардык-техникалык университети;
4. Экологиялык экономика — Самарканд мамлекеттик университети;
5. Инновациялык экономика – М.Х.Дулати атындагы Тараз мамлекеттик университети;
6. Агрардык сектордун экономикасы — С. Сейфуллин атындагы  Казак агротехникалык университети;
7. Агрардык кооперация – К.И. Скряби атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
8. Европа Биримдигинин агробизнес тажрыйбасы –  М.Дулатова  атындагы Костанай инженердик-экономикалык университети;
9. Стратегиялык менеджмент – Азербайжан мамлекеттик агрардык университети;
10. Антикризистик менеджмент– Ш.Шотемур атындагы Тажик агрардык университети;
11. Агрардык менеджмент — А.Байтурсынова  атындагы Костанай мемлекеттик университети;
12. Финансылык менеджмент – Наманган инженердик-курулуш институту;
13. Экономика жана маалыматтык башкаруудагы технологиялар – Армения Улуттук агрардык университети;
14. Азык-тулук менен камсыздоо экономикасы — Карши инженердик-экономикалык институту;
15. Практикалык маркетинг – Бардах атындагы Каракалпак мамлекеттик университети.

«Экономикадагы математикалык ыкмалар» профилинин « Экономика» багыты боюнча бүтүрүүчүлөрү  экономист-аналитик, экономист жана экономика, финансы, маркетинг, өндүрүштүк-экономика, ар кандай тармактардын, чөйрөлөрдөгү ишканалардын жана уюмдардын аналитикалык кызматтарында менедже, финансы, кредиттик жана камсыздандыруу мекемелеринде, менчик , мамлекеттик жана муниципалдык органдарында иштей алышат.

Бөлүмдүн курамы

Дыйканова Айнура Тынчыбековна

Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын башчысы. ф.-м.и.к., доцент.

E-mail: dat_1967@mail.ru

Кеңири...

Жумалиев Тургун Жолдошалиевич

ф.-м.и.к., доцент.
E-mail: turgun_80@mail.ru
Кеңири...

Джусупова Гульнара Ашырбековна

Ага окутуучу
E-mail: gulnara.djusupova@mail.ru
Кеңири...

Бектурова Дамира Асановна

Ага окутуучу
E-mail: d-bekturova@mail.ru
Кеңири...

Жусупбекова Самара Төлөбековна

ф.-м.и.к., доценттин м.и.
E-mail:samaraj-t@mail.ru
Кеңири...

Сагындыкова Рахат Кайыпбековна

ф.-м.и.к., доценттин м.и.
E-mail: rahat_82s@mail.ru
Кеңири...

Бөлүмдүн миссиясы

«Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын миссиясы, агрардык экономика тармагындагы жогорку квалификациялдуу адистерди жана фундаменталдуу билимге ээ болгон, аны практикада натыйжалуу пайдаланууга жөндөмдүү айыл чарба адистерин даярдоо болуп саналат. Фундаменталдык математикалык билимге жана кесиптик компетенцияга ээ, жана аларды атайын дисциплиналарды үйрөнүүдө, кесиптик ишмердүүлүктө натыйжалуу колдонууга жөндөмдүү, өлкөнүн бардык тармактарындагы коюлган маселелерди чечүүгө жөндөмдүү, экономика тармагында изденүүчү жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.