Факультет экономики и менеджмента

ЭКОНОМИКА ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ ФАКУЛЬТЕТИ

Факультеттин миссиясы

Факультеттин миссиясы — айыл чарба тармагынын адистерине мыкты экономикалык билим берүү. Бул үчүн факультетте чет тилдерин билүүгө, маалыматтык технологияларды билүүгө, колдонууга өзгөчө көңүл бурулат.

Факультет төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдоону жүргүзөт:

ЭКОНОМИКА багыты боюнча БАКАЛАВРИАТ:

Профилдери:

– «Ишканадагы экономика жана башкаруу»,

– «Дүйнөлүк экономика»,

– «Каржы жана насыя»,

– «Салык жана салык салуу»,

– «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит»,

– «Бизнес аналитика»,

– «Санариптик аналитика».

ЭКОНОМИКА багыты боюнча МАГИСТРАТУРА:

Профилдери:

– «Ишканадагы экономика жана башкаруу»,

– «Каржы жана насыя»,

– «Бухгалтердик эсеп жана аудит»,

– «Тобокелдиктерди талдоо жана экономикалык коопсуздук»,

– «Аудит, каржылык консалтинг»,

– «Каржылык менеджмент».

– МЕНЕДЖМЕНТ багыты боюнча БАКАЛАВРИАТ:

Профилдери:

– «Чакан жана орто бизнести башкаруу»,

– «Агроөнөр жай комплексин башкаруу»,

– «Туризмдеги жана меймандостуктагы менеджмент»

МЕНЕДЖМЕНТ багыты боюнча МАГИСТРАТУРА:

 Профилдери:

– «Эл аралык менеджмент»,

– «Агрардык менеджмент».

Факультет жөнүндө

Учурда факультетте 40тан ашык кызматкер эмгектенет. Факультеттин профессордук-окутуучулар курамындагы илимий даражасы 43%ды түзөт, анын ичинен 1 илимдин доктору, 19 илимдин кандидаты. Жалпы факультете 8 докторлук жана 30дан ашык кандидаттык диссертацияларды жакташкан.

Факультетте 6 кафедра бар:

  • – Каржы жана насыя;
  • – Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит;
  • – Айыл чарбасындагы экономика жана ишкердүүлүк;
  • – Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү;
  • – Менеджмент жана агромаркетинг;
  • – Чет тилдер кафедрасы

2019-жылы Кыргызстанда кооперативдерди колдоо үчүн «Окуу, маалыматтык-консультациялык борбор» ачылган. Борбор КУАУнун Экономика жана менеджмент факультетинин демилгеси менен түзүлгөн коммерциялык эмес билим берүү жана илимий уюм болуп саналат. Бул окуу борбору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, Кыргызстандын кооперативдер союзунун, Эл аралык кооперативдик альянстын жана Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Түркия департаментинин финансылык колдоосу менен (ТИКА) ачылган.

Previous slide
Next slide

Экономика жана менеджмент факультетинин тарыхы

Адамзат цивилизациясынын тарыхында билим жана илим чөйрөсү фундаменталдуу баалуулук болуп саналат. Экономика жана менеджмент факультети 50 жылдан ашык убакыттан бери эгемендүү республикабыз үчүн агрардык экономика тармагына өз салымын кошуп келет. Айыл чарба адистери экономисттерге, бухгалтерлерге, финансисттерге, жетекчилерге зор муктаждыкты жана айыл чарба өндүрүшүн уюштурууну жана башкарууну жакшыртуунун зарылдыгын эске алып, Кыргыз Республиканын Өкмөтү К.И.Скрябин атындагы Айыл чарба институтунун курамына экономика факультетин ачуу чечимин кабыл алган.

Ошентип, Экономика факультети 1970-жылы негизделген. Алгач экономика жана айыл чарба өндүрүшүн уюштуруу кафедрасы түзүлүп, биринчи жетекчиси болуп Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген экономисти, профессор Эрикин Ишеналиевич Арабаев дайындалган. Ошол эле жылы абитуриенттерди биринчи кабыл алуу 50 адамдан болуп, «Айыл чарба өндүрүшүнүн илимий агроном-экономисти» деген адистикке ээ болгон.

1970-1980-жылдары факультеттин биринчи деканы, илимдин кандидаты доцент Кожогулов А.К. болгон. 1981-жылдан 2019-жылга чейин жетектеген экономика илимдеринин доктолору, профессорлор: Батырканов Ж.М., Рахматов А.Р., Исраилов М.И., Атышов К.А. Раззаков И.Р., Джумалиева Э.Б. жана экономика илимдеринин кандидаттары, доценттер: Сулейманов О.М., Колобаев Ж.Р., Серенков П.П., т.и.к., доцент Давлеталиев Ж.А., ф.-м.и.к. доцент Батырканов М.Ш., э.и.к., доцент Кожогулова В.С. болушкан. 2019-жылдан азыркы учурга чейин Экономика жана менеджмент факультетинин деканы физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Жумалиев Т.Ж. иштеп келет.

Факультет иштеп турган мезгилдин ичинде 8 миңден ашык экономист, финансист, бухгалтер, маркетолог, менеджер, статист жана экономист-математиктерди даярдаган.

Факультетибиздин бүтүрүүчүлөрү республикага белгилүү инсандардан болушкан: – экс-министрлер: Карыпбек Асанов, Темирбек Акматалиев, Нурлан Шакиев (КР ЖК төр агасы), Нурлан Акматов, Чоро Имашов, Нурлан Төрөмырзаев, экс-депутаттар: Асанкул Акаев, Сооронбай Жээнбеков (КР Президенти 2017-2020), Юруслан Тойчубеков, экономика илимдеринин доктору профессор Элмира Жумалиева, окумуштуулар: экономика илимдеринин доктору, профессор Дамира Өмүралиева – НМУнун ректору; экономика илимдеринин кандидаты Нарбеков Б.Н. – Талас областындагы Министрлер кабинетинин өкүлү; Жуман Орозалиев – экс-аким, Өмүрбек Кожеков – “Түндүк электр” ишканасынын жана жогорку мамлекеттик органдардын директорлор кеңешинин төрагасы; Ишен Медетов – Кыргыз Республикасынын аудитору; Шамшыбек Мамыров – ЕККУнун өкүлү ж.б.