Факультет экономики и менеджмента

«БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП, ТАЛДОО ЖАНА АУДИТ» КАФЕДРАСЫ

«БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП, ТАЛДОО ЖАНА АУДИТ» КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ

   Кафедра 1976-жылы СССРдин айыл чарба министрлигинин  жогорку окуу жайларынын башкы башкармасынын чечими менен уюштурулган. Кафедранын негиздөөчүсү жана биринчи жетекчиси э.и.к., доцент Исраилов М.И.

Кийинки жылдары кафедраны доценттер башкарган:

  • -1977-1990-жылдары-Маралов Т.М., э.и.к., доцент;
  • – 1990-1993-жылдары – Исраилов М.И., э.и.к., доцент;
  • – 1993-1994-жылдары – А.Эрдөөлөтов, э.и.к., доцент;
  • – 1994-2000-жылдары – Сабиров Н.С., э.и.к., доцент;
  • – 2000-2009-жылдары – Акматова З.А., э.и.к., доцент;
  • – 2009-2010-жылдары – Буканова А.И., доценттин м.а.;
  • – 2010-2011-жылдары – Шералиева Ж.А., э.и.к., доцент;
  • – 2011-жылдын июнь айынан 2020-жылга чейин Байсалова Ж.М., э.и.к., доцент;
  • – 2020-жылдан баштап кафедраны э.и.д., профессор Омуралиев Д.К. жетектеп келет.

   Учурда кафедрада жогорку квалификациялуу, тажрыйбалуу 8 адам иштейт:

э.и.д., профессор Омуралиева Д.К.;

э.и.к., доценттер: Байсалова Ж.М., Жолдошбекова С.Ж., Чортонбаева А.Т.;

э.и.к., доценттин м.а. Кожомкулова Д.Н.;

доценттин м.а. Буканова А.И.;

ага окутуучулар Бедебаева К.Р., Кадыралиева Ж.М.

   Кафедранын окумуштуу даражасы бар адистер менен камсыз болушу учурда 71,4%ти түзөт.

   Аталган кафедра “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит” профили боюнча бакалавр, магистр денгээлиндеги жогорку билимдүү жана жалпы эле “Экономика” багыты боюнча жогорку квалификациялуу адистерди – аспирант, докторанттарды даярдап чыгарган университеттин  алдыңкы кафедраларынын бири болуп саналат. Кафедранын ишмердүүлүгүндө окутуучулардын өздөрүнүн илимий деңгээлин жана педагогикалык чеберчилигин жогорулатууга олуттуу орун берилген. Кафедранын окутуучулары Кыргызстандын, чет өлкөлөрдүн алдыңкы илимий борборлорунан, университеттеринен, өндүрүштөн регулярдуу түрдө ар кандай тематикадагы курстардан өтүп, денгээлдерин жогорулатып турушат.

   Кафедранын жамааты эл аралык илимий-практикалык конференцияларга, форумдарга, конгресстерге жана башкаларга активдүү катышат.

   Педагогикалык жамаат окуу-тарбия процессин, иш программаларын, окуу материалдарын жана эл аралык байланыштарды өркүндөтүү, кош дипломдуулук боюнча тынымсыз иштеп келет. 2021-жылы Новосибирск мамлекеттик агрардык университети менен биргеликте 2 профиль ачылды: бакалаврлар үчүн “Бизнес-аналитика”, ал эми 2022-жылы магистраннтар үчүн«Аудит жана финансылык консалтинг» ачылган.

   2022-жылы “Жогорку математика жана математикалык моделтештирүү” кафедрасы менен биргеликте “Цифровая аналитика” профили ачылган. Заманбап дүйнөдө санариптик ресурстарды жана технологияларды колдонуу ар кандай кесипкөй чөйрөдө ийгиликтүү каржылык жана чарбалык ишмердүүлүктүн милдеттүү шарты болуп саналат. «Санариптик аналитика» профилинин бүтүрүүчүлөрү санариптик керектөө жана коопсуздук маселелерин ийгиликтүү чечкен жогорку санарип сабаттуулугу бар адистер. Бул профилдин окуу планы экономиканын түрдүү тармактарын санариптештирүү жаатында жаңы технологиялык тенденциялардын механизмдерин өздөштүрүүсүнө мүмкүндүк берүүчү сабактарды камтыйт. «Экономика» багытында «Санариптик аналитика» профилинин пайда болушу бизнес-коомчулуктун компаниянын кызыкчылыгы үчүн терең талдоо жүргүзүүгө жөндөмдүү, IT жана экономика чөйрөсүндө билими бар адистерге муктаждык менен шартталган. Профиль боюнча бүтүрүүчүлөр жеке IT-компанияларда гана жумушка орношпостон, мамлекеттик сектордо да ийгиликтүү иштей алышат.

ДАЯРДООНУН БАГЫТТАРЫ ЖАНА АДИСТИКТЕРИ

  • «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит»
  • «Бизнес — аналитика»
  • «Санариптик аналитика»

 

Окуу мөөнөтү: орто билим базасында — 4 жыл, орто кесиптик билим базасында — 3 жыл;

  • «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит»
  • «Аудит-финансылык консалтинг»

 

Окуу мөөнөтү: – 2 жыл

Кафедранын курамы

Омуралиева Дамира Кемеловна

Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит кафедрасын Экономика илимдеринин доктору, профессор Омуралиева Дамира Кемеловна жетектейт.

E-mail: d-omuralieva@yandex.com

Кеңири...

Байсалова Жаныл Молдобаевна

экономика илимдеринин кандидаты, профессор
zbaisalova@mail.ru
Кеңири...

Буканова Анара Ишеновна

доцент
anara.bukanova@mail.ru
Кеңири...

Кожомкулова Динар Ниязбековна

экономика илимдеринин кандидаты, доцент.
d.kojomkulova@mail.ru
Кеңири...

Жолдошбекова Сейилхан Джолдубаевна

экономика илимдеринин кандидаты, доцент.
seyil1972@mail.ru
Кеңири...

Чортонбаева Асель Тыргоотовна

экономика илимдеринин кандидаты,доцент.
achortonbaeva87@gmail.com
Кеңири...

Бедебаева Каиргуль Рысбековна

улук окутуучу
bedebaeva76@mail.ru
Кеңири...

Кадыралиева Жибек Маратовна

улук окутуучу
Кеңири...