Факультет экономики и менеджмента

«Менеджмент жана агромаркетинг» кафедрасы

Менеджмент жана агромаркетинг» кафедрасынын түзүлүш тарыхы

Менеджмент жана агромаркетинг» кафедрасынын түзүлүш тарыхы 1970 –жылы уюшулган «Айыл чарба өндүрүшүн уюштуруу» кафедрасынын негизинде жатат. Кафедранын биринчи башчылары э.и.к, доцент Г.И.Яковлев, э.и.к, доцент Ж.М.Батырканов болгон,кийинки жылдары кафедраны э.и.д, профессор А.М.Мамбетов, доцент А.И.Мирумянц, кийинчерээк доцент Э.Т.Алимова, э.и.д., профессор К.А.Атышов, доценттер Куринских Ю.А., Давлеталиев Д.А., Мурзалиева Н.В. жетектешкен.Азыркы учурда «Менеджмент жана агромаркетинг» кафедрасын э.и.к., доцент Козубекова С.Ж. жетектейт. Кафедра бакалавр, магистранттар менен окуу, окуу-методикалык, илим-изилдөө жана тарбия иштерин алып барат, ошондой эле илим-изилдөө адистерин даярдайт жана квалификацияларын жогорулатат. Кафедранын ишмердигинин максаты жогорку профессионалдуу билим чөйрөсүндө билим берүү программаларын ишке ашыруунун негизинде айыл чарба өндүрүшүн башкаруу адистерин даярдоо болуп эсептелет.

«Менеджмент жана агромаркетинг» кафедрасынын даярдоо багыттары

Кафедранын мугалимдеринин күчү менен «Менеджмент» багытындагы бакалаврлар менен магистранттарды даярдоодо бүт окуу процессин камсыз кылуучу  окуу-методикалык комплекстер иштелип чыккан.

Ар кандай илимий практикалык конференцияларга, эл аралык проектерге катышып, илим-изилдөө иштерин алып баруунун жыйынтыгында (Erasmus Mundus CASIA проектиси, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү боюнча ЮНЕП проектиси, Кыргызстандын окуу жайларында кредиттик система боюнча Тюнинг методологиясын жылдыруу боюнча TuCAHEA проектиси, «Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча, улуттук маалыматтар системасын чындоо» проектиси, «Айыл-чарба азыктарын башкаруу логистикасы жана АОЖ тармактарынын адистер менен камсыз болуусу» деп аталган  КР нын ИжБМнин проектиси ж.б.) «Жашыл экономиканын негиздери», «Азык-түлүк коопсуздугу жана азыктануу» окуу куралдары, «Агробизнестин өнүгүү негиздери», «Социалдык мобилдешүү/ жамааттардын  түзүлүү негиздери» окуу модулдары иштелип чыкты.

Мугалимдер Цинь-Цзян агрардык университетинде (Кытай), Я.Гогевашвили  атындагы Мамлекеттик университетте (Грузия), Ташкенттеги агрардык университетте,  Вагенинген шаарындагы (Голландия) колдонмо илимдер университетинде, Казахстан улуттук агрардык университетинде (Алма-Ата шаары), К.А.Тимирязев атындагы Айыл чарба Академиясында (Москва шаары), «Teach-Ex» Жогорку билимдер Академиясында (Бишкек шаары) жана башка көп жерлерден стажировкалардан өтүштү.

Кафедра 2012-жылдан баштап «Менеджмент» багытында «Бакалавр» квалификациялык даражасын берүү менен бакалаврларды даярдайт. 2015-жылдан баштап кафедрада «Менеджмент» багытында «Эл аралык менеджмент» магистердик программасы ачылды. Кафедра менеджменттин ар кандай тармактары боюнча 50 дон ашык сабактарды Экономика жана менеджмент факультетинин «Менеджмент» багыты боюнча бакалавр жана магистерлерди даярдоону камсыз кылуу менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин башка факультеттерине да окутат.

Кафедранын негизги кесиптик сабактары:

  1. Инновациялык менеджмент
  2. Стратегиялык менеджмент
  3. Айыл чарба азыктарынын сапат менеджменти
  4. Иштик коммуникациялар
  5. Башкаруу чечимдерин кабыл алуу ыкмалары
  6. Экологиялык менеджмент
  7. Айыл чарба өндүрүшүн уюштуруу жана башкаруу
  8. Агро өнөр-жай комплекстеринде тобокелдиктерди башкаруу
  9. Агро өнөр-жай комплексинин мекемелеринде өндүрүштү уюштуруу
  10. Проектерди башкаруу
  11. Башкаруудагы маалымат технологиялары
  12. Агробизнести уюштуруу жана башкаруу
  13. Персоналды башкаруу
  14. Маркетинг
  15. Айыл чарба мекемелеринде эмгектин экономикасы жана уюштурулушу
  16. Стратегиялык талдоо
  17. Уюмдук жүрүш-туруш
  18. Айыл чарбасында бизнести пландаштыруу
  19. Башкаруу теориясы
  20. Башкаруу экономикасы
  21. Башкаруу чечимдери
  22. Токой чарбасынын менеджменти
  23. Эл аралык менеджмент
  24. Менеджмент
  25. Чет элдик компаниянын персоналын башкаруу
  26. Бизнес-процесстердин реинжиниринги
  27. Коммерциялык ишмердиктин негиздери
  28. Бизнести баалоо жана ишкананын наркын башкаруу

29.  Башкаруу психологиясы жана кесиптик этика30.  Эл аралык агромаркетинг31.  Бизнес маданияты жана эл аралык бизнестин этикасы32.  Энергетикадагы менеджменттин негиздери33.  Корпоративдик башкаруу34.  Кризиске каршы башкаруу35.  Агрардык маркетинг36.  Эл аралык коммерциялык операциялар37.  Курулуштагы экономика жана менеджмент38.  Логистика39.  Өзгөрүүлөрдү башкаруу40.  Башкаруу илиминин теориясы жана менеджменттеги изилдөө методологиясы

Кафедранын курамы

Козубекова Софья Жумаевна

К.И.Скрябин атындагы КУАУнун менеджмент жана агромаркетинг кафедрасынын башчысы
Экономика илимдеринин кандидаты

E-mail: : sofia.kozubiekova@mail.ru

Кеңири...

Мурзалиева Наталья Викторовна

экономика илимдеринин кандидаты, доцент
E-mail: murzalieva165@mail.ru
Кеңири...

Ибраева Нурила Мукашевна

Доценттин милдетин аткаруучу
E-mail: ibraevanurila@mail.ru

Шалпыков Канатбек Абдыкаймович

Менеджмент жана агромаркетинг кафедрасынын доценти
E-mail; 550500221@mail.ru
Кеңири...

Исаков Жайык Жумакматович

Ага окутуучу
E-mail: jaiyk05@mail.ru
Кеңири...

Деркенбаева Салтанат Советбековна

Ага окутуучу
E-mail: salta_sov_der@mail.ru
Кеңири...

Сыдыкова Тинатин Искендеровна

Ага окутуучу
E-mail: sydykova.tinatin@mail.ru
Кеңири...