Учурда «Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү» жана «Статистика, маркетинг жана моделдештирүү» кафедраларынын биргелешкен курамында «Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү» деген аталыш менен иштейт. Кафедранын тарыхы жогоруда аталган биргелешкен кафедралардын тарыхына негизделет:
1. «Жогорку математика» кафедрасы 1951-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун гидромелиорация факультетинде үч кызматкердин өлчөмүндө уюшулган. 2003-жылы кафедра башчысы профессор У.М. Туганбаевдин жетекчилигинин астында «Экономикадагы математикалык ыкмалар» жаңы адистиги ачылган. Жана кафедра «Жогорку жана прикладдык математика» деп аталды. Ошол кездеги институттун студенттеринин санынын өсүшү менен кафедранын курамы да кеңейген. Кафедранын тарыхы республикабызда да, ошондой эле чет өлкөлөрдө кеңири белгилүү болгон окумуштуулардын ысымдары менен тыгыз байланышта. Бул жылдар аралыгында кафедрада физика-математика илимдеринин докторлору: профессорлор Ефимов З.Ф., Абдылдаев М.Ю., КР УИА корреспондент-мүчөсү Бийбосунов И.Б., Мамбеткулов Ж.М., Жаманбаев М.Д., техника илимдеринин доктору профессор, АКК мүчө-корреспонденти Молотникова А.А., физика-математика илимдеринин доктору, профессор Туганбаев У.М., педагогика илимдеринин доктору, профессор Алиев Ш.А., доценттер: Болдинский В.И., Жолдошев О.Д., Темирбаев К.Т., Сулайманов Ж.С., Омуралиев А.С., Осмонова Ч.О., Бийбосунова Г.И., Казыбаев А.К., Аблабеков Б.А., Божокоев М.Б., Урманбетов Р.Ж., Дыйканова А.Т., Жумалиев Т.Ж. Биздин университетибиздин дубалында: Ефимов З.Ф., Абдылдаев М.Ю., Мамбеткулов Ж.М., Жаманбаев М.Д., Туганбаев У.М докторлук диссертацияларын жакташып, ошону менен кафедрабыздын тарыхын көбөйтүп, байытышкан. Ошондой эле кандидаттык диссертацияларды Божокоев М.Б., Урманбетов Р.Ж., Дыйканова А.Т., Жумалиев Т.Ж. жакташкан. 2003-жылдан баштап «Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасын: физика-математика илимдеринин доктору, профессор Туганбаев У.М., физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Жумалиев Т.Ж. башкарышкан. 2020-жылдан баштап «Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасын физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Дыйканова А.Т. жетектеп келет.
2. 1972-жылы К.И.Скрябин атындагы университетинде «Экономикалык кибернетик» кафедрасы түзүлгөн. 1991-жылы «Экономикалык кибернетика» кафедрасынын базасында «Статистика жана моделдештирүү» жана «Информатика» кафедралары түзүлгөн. Кафедраны ар кайсы жылдарда доценттер Колобаев Д.Р., Шаршенова А.Ш., Батырканов М.Ш. жетектеген. Аталган кафедранын базасында 2006-жылы “Статистика” жаңы адистиги ачылган. 2011-2016-жылдары кафедраны экономика илимдеринин кандидаты, доцент Козубекова С.Ж. башкарган.
2022-жылы “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит” кафедрасы менен биргеликте “Цифровая аналитика” профили ачылган. Заманбап дүйнөдө санариптик ресурстарды жана технологияларды колдонуу ар кандай кесипкөй чөйрөдө ийгиликтүү каржылык жана чарбалык ишмердүүлүктүн милдеттүү шарты болуп саналат. «Санариптик аналитика» профилинин бүтүрүүчүлөрү санариптик керектөө жана коопсуздук маселелерин ийгиликтүү чечкен жогорку санарип сабаттуулугу бар адистер. Бул профилдин окуу планы экономиканын түрдүү тармактарын санариптештирүү жаатында жаңы технологиялык тенденциялардын механизмдерин өздөштүрүүсүнө мүмкүндүк берүүчү сабактарды камтыйт. «Экономика» багытында «Санариптик аналитика» профилинин пайда болушу бизнес-коомчулуктун компаниянын кызыкчылыгы үчүн терең талдоо жүргүзүүгө жөндөмдүү, IT жана экономика чөйрөсүндө билими бар адистерге муктаждык менен шартталган. Профиль боюнча бүтүрүүчүлөр жеке IT-компанияларда гана жумушка орношпостон, мамлекеттик сектордо да ийгиликтүү иштей алышат.
Азыркы мезгилде болуп жаткан экономикалык процесстерди, математикалык ыкмаларды катыштырбастан талдоо практикалык жактан мүмкүн болбой калды. Экономика-математикалык ыкмалар жана моделдер, экономикалык системаларда болуп жаткан процесстерди жакшыраак түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Математикалык ыкмалар, ар кандай экономикалык илимдин, анын ичинде экономикалык теориянын ыкмаларынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Борбордук Азия жана Түштүк Кавказ –өлкөлөрүн өнүктүрүү үчүн, 6 өлкөнүн –КАСКАД : Армения, Азербайджан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 15 айыл-чарба университеттеринин студенттеринин семестрдик академиялык мобилдүүлүгү боюнча онлайн режиминде консорциуму уюштурулган. Биздин кафедрадан «Экономикадагы математикалык ыкмалар» профили боюнча төмөнкү студенттер катышты:
2020-жылдын 7-сентябрынан 2021-жылдын 15-январына чейин, Экономика жана маалыматтык системалар факультетинин 30 студенти (3 жана 4 курстары), Эл аралык экономика жана башкаруу мектебинде төмөнкү дисциплиналар боюнча билим алышкан:
1. Санариптик экономика – Ташкент институтунун айыл чарбалык механизация жана ирригациялык инженерия чарбалары;
2. Жашыл экономика – Казак улуттук агрардык изилдөө университети;
3. Циркулярдык экономика — Жангирхан атындагы Батыш-Казакстан агрардык-техникалык университети;
4. Экологиялык экономика — Самарканд мамлекеттик университети;
5. Инновациялык экономика – М.Х.Дулати атындагы Тараз мамлекеттик университети;
6. Агрардык сектордун экономикасы — С. Сейфуллин атындагы Казак агротехникалык университети;
7. Агрардык кооперация – К.И. Скряби атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
8. Европа Биримдигинин агробизнес тажрыйбасы – М.Дулатова атындагы Костанай инженердик-экономикалык университети;
9. Стратегиялык менеджмент – Азербайжан мамлекеттик агрардык университети;
10. Антикризистик менеджмент– Ш.Шотемур атындагы Тажик агрардык университети;
11. Агрардык менеджмент — А.Байтурсынова атындагы Костанай мемлекеттик университети;
12. Финансылык менеджмент – Наманган инженердик-курулуш институту;
13. Экономика жана маалыматтык башкаруудагы технологиялар – Армения Улуттук агрардык университети;
14. Азык-тулук менен камсыздоо экономикасы — Карши инженердик-экономикалык институту;
15. Практикалык маркетинг – Бардах атындагы Каракалпак мамлекеттик университети.
«Экономикадагы математикалык ыкмалар» профилинин « Экономика» багыты боюнча бүтүрүүчүлөрү экономист-аналитик, экономист жана экономика, финансы, маркетинг, өндүрүштүк-экономика, ар кандай тармактардын, чөйрөлөрдөгү ишканалардын жана уюмдардын аналитикалык кызматтарында менедже, финансы, кредиттик жана камсыздандыруу мекемелеринде, менчик , мамлекеттик жана муниципалдык органдарында иштей алышат.
Толук аты-жөнү: Дыйканова Айнура Тынчыбековна
Туулган жылы: 1967-жыл, 14-май.
Туулган жери: Талас обл., Манас району, Чоң-Капка айылы.
Иштеген жери: К.И. Скрябин атындагы КУАУнин Экономика жана менеджмент факультетинин «Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын башчысы. Доценттин милдетин аткаруучу.
Жогорку билими: – 1983-1988ж.ж. В.В. Маяковский атындагы ККПИ, физика-математика факультети.
Илимий даражасы: физика-математика илимдеринин кандидаты.
Иш стажы: Жалпы иш стажы – 40 жыл.
Иш тажрыйбасы: – 35 жыл
Илимий иштери: Илимий-методикалык эмгектердин саны – 46.
Негизги илимий эмгектер: Стационардык эмес сызыктуу үн аралык теңдемени изилдөө
Квалификацияны жогорулатуу: «Билим-Стандарт» көз карандысыз аккредитация агенттиги, 2019-ж.
Республикалык квалификацияны жогорулатуу жана мугалимдери кайра даярдоо
институту, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 2019-ж.
Окутуучу дисциплиналар: математикалык моделдөө, жогорку математика, ыктымалдуулуктар теориясы жана математикалык статистика, системалык анализ.
Тилдер: кыргыз, орус, немис (сөздүк менен)
Сыйлыктары:
-2024 – жылы КР Айыл чарба министрлигинин «Ардак грамотасы».
Кесиптик көндүмдөр: Окуу-тарбия иштери боюнча студенттер менен иштөө, кесиптик өнүгүүгө умтулуу.
командада иштөө жөндөмдүүлүгү, убакыттуулук, максаттуулук.
Толук аты-жөнү: Жумалиев Тургунбек Жолдошалиевич
Туулган жылы: 1980-жыл, 1-август.
Место рождения: Таласская обл., Таласский район, село Чон-Токой.
Иштеген жери: КУАУнун Экономика жана менеджмент факультетинин деканы. К.И.
Скрябин (2018-жылдын 26-декабрынан бери).
Жогорку билим: – 2001-2005 Математика боюнча бакалавр,
– 2005-2007 Математика, адистиги боюнча «Магистр»
Илимий даражасы: физика-математика илимдеринин кандидаты.
Иш стажы: Жалпы иш стажы – 15 жыл.
– 2007-жыл январь-август №74 мектеп-лицейи, Бишкек ш.
– 2007-2012 мугалим,
– 2012-2014 ага окутуучу,
– 2014-2018 доцент, кафедра башчысы,
– 2019-жылдан баштап жогорку математика жана математикалык
моделдештирүү кафедрасынын доценти.
Кошумча иштер: – 2012-2015 Евразия инновациялык технологиялар факультетинин деканынын орун
басары кийин Экономика жана маалымат системалары факультети
(Экономика жана менеджмент факультети).
– 2016-2017 Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу секретарынын орун басары
КУАУ.
-2018-2019 КУАУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы.
Илимий иштери: Илимий-методикалык эмгектердин саны – 26.
– 2014-жылы адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган
01.01.04-геометрия жана топология.
Негизги илимий эмгектер: – Бир калыптуу мейкиндиктердин жана бир калыптуу узгултуксуз
чагылдыруулардын айрым кардиналдык инварианттары
– Бир калыптуу узгултуксуз чагылдыруулардын геометриясы
Квалификацияны жогорулатуу: – Признание и передача систем кредитного распределения и
градации; – Написание проектов на основе логико-структурного подхода; –
Курс английского языка; – «Моделирование зеленой экономики» программа
Vensim.ple; – «Заимствования в научных публикациях. Культура
цитирования».
Окутуучу дисциплиналар: Математикалык программалоо, дискреттик математика,
эконометрика, оюн теориясы, математикалык моделдөө, жогорку
математика.
Тилдер: кыргыз, орус, англис (сөздүк менен)
Сыйлыктары: – 2014-жыл К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык
университетинин Ардак грамотасы
– 2018-жылы "Акыл Тирек – 2017" сыйлыгынын лауреаты, Аскар
Салымбековдун фонду.
– 2018-жыл Абитуриенттерди ачык жана объективдүү кабыл алгандыгы үчүн.
«Жетинчи апрель баатырлары» коомдук уюмунун байкоочусунун Ардак
грамотасы.
Кесиптик көндүмдөр:
• Окуу-тарбия иштери боюнча студенттер менен иштөө (декандын орун басары, декан) –
10 жыл.
• Кафедраны башкаруу (10 кишиге чейин), абитуриенттерди кабыл алуу (20 кишиге
чейин) жана деканат (60 кишиге чейин командалар) боюнча иш тажрыйбасы – 10 жыл.
• Статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу көндүмдөрү.
• Кесиптик өнүгүүгө умтулуу.
• Персоналдык компьютерди мыкты билүү – 20 жыл.
• Командада иштөө жөндөмдүүлүгү.
• Убакыттуулук.
• Максаттуулук.
Толук аты-жөнү: Джусупова Гульнара Аширбековна
Туулган жылы: 1961-жыл, 22-декабрь.
Туулган жери: Талас обл., Киров району, Тамекисовхоз айылы.
Иштеген жери: К.И. Скрябин атындагы КУАУнин «Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын ага окутуучусу.
Жогорку билим: – 1980-1985ж. СССРдин 50 жыл атындагы КМУнун механика-математика факультетинин колдонмо математика адистиги боюнча
Илимий даражасы: –––
Иш стажы: Жалпы иш стажы – 43 жыл.
Иш тажрыйбасы: – 38 жыл
Илимий иштери: Илимий-методикалык эмгектердин саны – 25.
Негизги илимий эмгектер: –––
Квалификацияны жогорулатуу: «Билим-Стандарт» көз карандысыз аккредитация агенттиги, 2019-ж.
Республикалык квалификацияны жогорулатуу жана мугалимдери кайра даярдоо
институту, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 2019-ж.
Окутуучу дисциплиналар: Экономикадагы математикалык методдор, жогорку математика,статистика,
эконометрика.
Тилдер: кыргыз, орус, англис (сөздүк менен)
Сыйлыктары:
Кесиптик көндүмдөр:
Толук аты-жөнү: Бектурова Дамира Асановна
Туулган жылы: 1973-жыл, 24-июнь.
Туулган жери: Нарын обл., Ат-Башы району, Ат-Башы айылы.
Иштеген жери: К.И. Скрябин атындагы КУАУнин «Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын ага окутуучусу.
Жогорку билим: – 1991-1996ж. «Жерге жайгаштыруу» багыты боюнча «Инженер-жерге жайгаштыруучу» адистиги -1998-2005ж. «Бухгалтердик эсеп жана аудит» багыты боюнча, адистештируу «Бухгалтер»
Илимий даражасы: ––––
Иш стажы: Жалпы иш стажы – 24 жыл.
Иш тажрыйбасы: – 18 жыл
Илимий иштери: Илимий-методикалык эмгектердин саны – 15.
Негизги илимий эмгектер: Кыргыз Республикасынын экономикасынын өзгөрүп жаткан шартында агрардык азык-түлүк рыногун түзүү жана өнүктүрүү көйгөйлөрү.
Квалификацияны жогорулатуу: Норвегиялык табигый илимдер университетинин Экономика жана бизнес колледжи., Норвегия , Ас шаары, 01.03.2017-31.05.2017
Окутуучу дисциплиналар: жогорку математика, статистика, эконометрика.
Тилдер: кыргыз, орус, англис (сөздүк менен)
Сыйлыктары: –––––
Кесиптик көндүмдөр:
Толук аты-жөнү: Жусупбекова Самара Төлөбековна
Туулган жылы: 1977-жыл, 4-май.
Туулган жери: Нарын обл., Ак-Талаа району, Баэтов айылы.
Иштеген жери: К.И.Скрябин атындагы КУАУнин «Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын ага окутуучусу.
Жогорку билим: – 1994-1999ж. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
Илимий даражасы: ––––
Иш стажы: Жалпы иш стажы – 22 жыл.
Иш тажрыйбасы: – 17 жыл
Илимий иштери: Илимий-методикалык эмгектердин саны – 25.
Негизги илимий эмгектер: «Асимптатикалык ыкма менен иймек бетте агуучу (илээшкек) суюктуктун
агымын изилдөө»
Квалификацияны жогорулатуу: «Билим-Стандарт» көз карандысыз аккредитация агенттиги, 2019-ж.
Республикалык квалификацияны жогорулатуу жана мугалимдери кайра даярдоо
институту, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 2019-ж.
Окутуучу дисциплиналар: жогорку математика, математикалык статистика.
Тилдер: кыргыз, орус, немис, англис (сөздүк менен)
Сыйлыктары: – 2021-жыл К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык
университетинин Ардак грамотасы
Кесиптик көндүмдөр: коммуникация жөндөмдөрү, сыпайылык, чынчылдык, командада иштей билүү
Толук аты-жөнү: Сагындыкова Рахат Кайыпбековна
Туулган жылы: 1982-жыл, 1-июль.
Туулган жери: Нарын обл., Кочкор району, Чолпон айылы.
Иштеген жери: К.И.Скрябин атындагы КУАУнин «Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын ага окутуучусу.
Жогорку билим: – 1999-2004ж. И.Арабаев атындагы КМПУ, «Математика жана информатика» адистиги
Илимий даражасы: ––––
Иш стажы: Жалпы иш стажы – 22 жыл.
Иш тажрыйбасы: – 17 жыл
Илимий иштери: Илимий-методикалык эмгектердин саны – 32.
Негизги илимий эмгектер: «Топурактагы жылуулук өткөрүүнү эсепке алуу менен кыртыштын нымдуулугунун кыймылын изилдөөнүн болжолдуу-аналитикалык жана сандык ыкмалары»
Квалификацияны жогорулатуу: Республикалык квалификацияны жогорулатуу жана мугалимдери кайра
даярдоо институту, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 2019-ж.
Окутуучу дисциплиналар: Сандык методдор, финансылык математика, математикалык каржылык талдоо ыкмалары
Тилдер: кыргыз, орус, англис (сөздүк менен)
Сыйлыктары: –––––
Кесиптик көндүмдөр: