Факультет экономики и менеджмента

Экономика жана менеджмент факультетинде “Жогорку окуу жайдын өзгөчө статусу алган окуу пландарын жакшыртуу” темасыдагы тегерек стол болуп өткөрүштү.

2023-жылдын 24-мартында Экономика жана менеджмент факультетинин «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит», «Менеджмент жана агромаркетинг», «Жогорку математика жана математикалык моделдештирүү»  кафедралары “Жогорку окуу жайдын өзгөчө статусу алган шартында окуу стандарттарын жана окуу пландарын жакшыртуу” темасыдагы тегерек стол өткөрүштү.

Тегерек столго иш берүүчүлөр жана жогорку окуу жайлардагы өнөктөштөр катышышты:

            Жээнбаев Н. — Кыргыз ирригациялык илим-изилдөө институтунун башкы бухгалтери,  Рахманова А. К. —  «Демир Кыргыз Эл Аралык» ЖАКтын ички контроль башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Осмонкулов А.А. — «Бишкекпекарня» муниципалдык кичи ишканасынын директору, Чекирова Г.У. — К.И.Скрябин атындагы КУАУнун  башкы бухгалтери, Абдылдаева Ж.Ш. — К.И.Скрябин атындагы КУАУнин финансылк пландоо бөлүмүнүн башчысы, Ашымбекова Ж.Р. — К.И.Скрябин атындагы КУАУнин бухгалтери, Султанова К. — М. Күрөнкеев атындагы музыкалык окуу жайынын башкы бухгалтери, Ботобеков А.Б.                 – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит “ кафедрасынын башчысы, э.и.д, профессор, Чортонбаев У.Т. — И. Раззаков атандагы  КМТУ нун «Геодезия жана геоинформатика» кафедрасынын башчысы, Умарова М.У. — К.И. Скрябин атындагы КУАУнун «Колдонмо информатикалык жана маалыматтык технологиялар» кафедрасынын башчысы, Уметов К.К. — К.И.Скрябин атындагы КУАУнун «Чет тилдер» кафедрасынын башчысы (онлайн), Абдраимова М.А. — Кыргыз улуттук университетинин «Алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу» кафедрасынын доцентти (онлайн). Соболев М.В.                     — Белгород мамлекеттик агрардык университетин Экономика факультетинин деканынын орун басары (онлайн), Шаршенбеков М.М. — Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунун улук илимий кызматкери (онлайн), Мамбеталиев М. — Кыргыз улуттук университетинин                    «Информатика» кафедрасынын окутуучусу (онлайн), Чолпонкулов К.Б. — РСК банкынын кредиттик бөлүмүнүн башчысы, Абышев И.С. — М. Рыскулбеков  атындагы  Кыргыз экономикалык университетинин доцентти.

  Жумалиева Ч. — «Бухгалтердик эсеп талдоо жана аудит» профилинин  магистранты, Талантбек кызы Кымбат жана Ибраимова Нестан — «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» профилиннин 2-курсунун студенттери.

КУАУга өзгөчө статус берилгендигине байланыштуу жаны окуу стандарттарын жана окуу пландарын иш берүүчүлөрдүн талаптарын, коомдогу өзгөрүүлөрдү  эске алуу менен иштеп чыгуу максатында тегерек столдо учурдагы колдонулуп жаткан окуу пландар каралып, келечекте кандай сабактар окула тургандыгы, даярдалып чыккан адистер кандай компетенцияга ээ болуусу  керектиги, ж.б. суроолор талкууланды. Талкуу учурунда өнүккөн өлкөлөрдүн окуу стандарттары менен Кыргызстандагы окуу стандарттарына салыштырма анализ берилип, ааламдагы глобалдашуу шартында биздин өлкө үчүн ылайык  келген сабактардын тутумун стандарттарга жана окуу пландарына киргизүү белгиленди. Иш берүүчүлөр сөз сүйлөшүп, анда   теориялык сабактарга караганда практикалык жана заманбап IT-технологиялар боюнча сабактарды көбүрөөк  өтүүнү, өндүрүштүк практикага  өзгөчө көнүл бурууну сунушташты.

Бишкек мэриясынын алдындагы «Бишкекпекарня» муниципалдык кичи ишканасынын жана М.Күрөнкеев атындагы музыкалык окуу жайынын жетекчилигинин биздин студенттер үчүн өндүрүштүк практикага база болуп берүү сунуштары тегерек столдун уюштуруучулары үчүн абдан жагымдуу жанылык болду.