Факультет экономики и менеджмента

2022-жылдын 14-ноябрда

2022-жылдын 14-ноябрда Экономика жана менеджмент факультетинде «Ч.Айтматовдун чыгармалары дүйнөлүк бестселлерге айланды» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чарага КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институттун ага илимий кызматкери Эшматов Рысбек Канатбекович жана Манас таануучу Амангелди уулу Аман жогоруда көрсөтүлгөн темада кызыктуу жана мазмундуу баяндама жасашты. Аны менен бирге, студенттер тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр көркөм окулду. Иш — чаранын алкагында суроолор болуп, активдүү катышкан студенттерге кызыктыруучу белек катары, китептерди беришти. Сонунда факультеттин деканы Жумалиев Т.Ж. тарабынан келген конокторго ыраазычылык каттары тапшырылды.