Факультет экономики и менеджмента

2022-жылдын 6-апрелинде

2022-жылдын 6-апрелинде К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Экономика жана менеджмент факультетинин айыл чарбасындагы бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын доцентинин м.а. Буканова А.И., куратор Шергазиева А.А. жана 2-курсунун Брб-1-20 тайпасынын студенттери тарабынан «Бухгалтер күнү» белгиленди.

Экономика жана менеджмент факултетинин деканы Жумалиев Т.Ж. жана кафедра башчысы профессор Омуралиева Д.К. куттуктоо сөз сүйлөштү.

Тайпанын студенттери кызыктуу программа уюштуруп, викториналарды, ыр, бийлерди жана бухгалтердик эсеп талдоо жана аудит кесиби боюнча  өзгөчөлүктөрүн белгилешти.