2022-жылдын 18-февралында Айыл чарбасындагы бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын окутуучулары доценттин м.а. Буканова Анара Ишеновна жана ага окутуучу Шергазиева Алтынай Абдукаримовна 4-курстун Брб-1-18 тайпасынын студенттери менен Бишкек шаарындагы “Илбирс” ачык-акционердик коомунун трикотаж буюмдарын чыгаруучу өндүрүшүндө практикага багытталган сабак уюштурушту.
Мында студенттер “Илбирс” ачык-акционердик коомунун трикотаж буюмдарын чыгаруучу өндүрүшүтүн түзүмү менен таанышып, “Чакан жана орто бизнести жана кооперацияны эсепке алуунун өзгөчөлүктөрү” боюнча практикалык сабак өтүштү.

