Факультет экономики и менеджмента

Чет тилдер кафедрасы

Чет тилдер кафедрасынын миссиясы

Жогорку окуу жайларда чет тилдерин окутуу мектептен кийинки кадам болуп эсептелет. Ким кайсы тилди окуп үйрөнбөсүн өз эне тилинен башка дагы бир чет тилди үйрөнүү – бул мезгилдин талабы. Дүйнөлүк тилдерде эркин сүйлөп, аны өздөштүрүүнүн атайын программалары, жана тилди үйрөтүүнүн методикалары адистер тарабынан кеңири иштелип чыккан.

Тил билсең дил билесиң деген таамай айтылган накыл кептей, ар бир адам кайсы бир чет тилин эркин өздөштүрсө, демек ал башка элдин маданиятын, салт-санаасын, адабиятын билип үйрөнөт дегенди билдирет эмесби.

Дүйнө эли бүгүнкү күнгө чейин суктанган советтик билим берүү системасында бекеринен чет тилине өзгөчө көңүл бурулган эместир. Миңдеген окумуштуулардын изилдөөлөрү, далилдери мектеп менен жогорку окуу жайларында чет тилдерин (англис, немис, француз) окутуу программасына киргизүүгө өбөлгө түзгөн. Ага ылайык окуучу жогоруда аталган чет тилдеринин бирин тандоо укугуна ээ болуп, ошол тандаган чет тилди кайсыл бир деңгээлде өздөштүрүп чыккан.

Ал убакытта чет тилин өздөштүрүү көбүнчө теория менен гана чектелип, ошол үйрөнгөн чет тилин практика түрүндө терең өздөштүрүүгө система анчалык мүмкүнчүлүктөрдү түзө алган эмес.

Кыргыз мамлекети эгемендүүлүктү алгандан кийин деле биздин мамлекеттин билим берүү тармагы ошол советтик билим берүү системасынын жолунан чыккан эмес. Бирок албетте айрым өзгөрүүлөр да болбой койгон жок. Мамлекетибиз эгемендүүлүктү алгандан кийин чек аралар кенен ачылып, өлкөбүзгө дүйнөнүн төрт бурчунан ар улуттун өкүлдөрү агылып келе баштады. Ар улуттун өкүлдөрү менен жолугушуу, сүйлөшүү учурунда дүйнөлүк тилдин сап башында турган англис тили (айрым учурларда немис тили) орток тил болуп колдонулуп баштады. Ал чет тилдеринде эркин сүйлөгөн адистер мына ошол мезгилде чет тилдерин окутуу туура багытта жүргүзүлгөндүгүн дагы бир жолу тастыктады.

Чет тилдерин окутуу бир гана лингвистикалык факультеттерде эле эмес, жогорку окуу жайлардын бардык тармактарын камтууга тийиш. Кайсыл кесиптин ээси болуп чыкпасын студенттер кайсыл бир чет тилин (англис же немис) үйрөнүп чыгууга тийиш.

Чет тилдерге окутуунун максаты болуп – окуучулардын коммуникативдик, баарлашуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү. Бул болсо, дүйнөлүк коомчулук алкагына кирүүгө жана андан ары ийгиликтүү эмгектенүүгө жол ачат.

Окутуунун максаты болуп – тилди алып жүрүүчүлөр менен стандарттын чегинде чет элдик карым–катнаш, маданият аралык баарлашууга даяр болуу саналат.

Чет тили мугалимдери окуучуларга жеке жана ар тараптуу мамиле жасоого таянып, инсанга багытталган, кызматташтыкта окутууну, долбоорлоо методдорун колдонууну ишке ашыруулары зарыл. Темаларды жана маселелерди тандоо окуучулардын чыныгы кызыкчылыгына жана керектөөсүнө дал келүүсү маанилүү. Окутуунун мазмунун аныктоодо негизги көӊүл окуучулардын социомаданий билгичтиктерине жана көндүмдөрүнө коюлуусу керек, себеби алар өз өлкөсүнүн маданиятын мамилелешүү, баарлашуу учурунда көрсөтө алуулары зарыл.

Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, кайсыл этностон болгондугуна карабастан, эл аралык тилдердин бирин кеминде А2 деңгээлинде өздөштүрүүгө тийиш. 2020-жылга карата мамлекеттик бийликтин органдарынын бардык жетекчи кызматкерлери, кайсыл этностон болгондугуна карабастан, мамлекеттик жана расмий тилдерди С1 деңгээлинде, ошондой эле эл аралык тилдердин бирин B2 деңгээлинде билүүгө тийиш.”

“Тил билүүнү баалоонун эл аралык шкаласы (Тил билүүнү баалоонун жалпы европалык шкаласы) төмөнкүдөй деңгээлдерди камтыйт: А – элементардык билүү (А1 – жан багуу деңгээли, 2 – чекке чейинки деңгээл), В – канааттанаарлык билүү (В1 – чектик деңгээл, В2 – чектик өркүндөтүлгөн деңгээл), С – эркин билүү (С1 – кесипкөй билүү деңгээли, С2 – мыкты билүү деңгээли); “Көп тилдүү билим берүү” – окутуу каражаты катары эки же андан көп тилди колдонуу. Бул терминди ЮНЕСКО 1999-жылы киргизген (UNESCOнун 12-резолюциясы) жана ал билим берүүдө кеминде үч тилди: эне тилин, мамлекеттик (national) жана эл аралык тилдерди колдонууну билдирет”.

Келечектеги бардык тармактын адистерин профессионалдык жактан даярдоодо «Чет тилдерди окутуунун» кесиптик лексикалык курсу негизги орунду ээлейт. Ар бир илимдин өзүнө тиешелүү максаты болгон сыяктуу эле «Чет тилдерди окутуу» курсунун да бир канча максаттарын коюуу керек.

  1. Чет тилин окутууда практикада кездешкен маселелерди чечүүдө студенттерди өзүлөрүнүн теоретикалык билимин колдонууга үйрөтүү;
  2. Чет тилин окутуу процессинде студенттерге кесибине ылайык кесиптик лексиканы колдонуу жана аны менен иштөөгө багыт берүү;
  3. Студенттерге тил алып жүрүүчүлөр менен байланыштырып алар алган теориялык билимди практика учурунда пайдалана алууга үйрөтүү;
  4. Келечектеги адиске ошол үйрөнгөн чет тилинин деңгээлин андан ары улантып кетүүсүнө шарт түзүү.

Ушул маселелерди чечүү менен бирге биз азыркы талапка ылайык бардык кесипте кайсыл бир чет тилин билген адистерди даярдап чыгара алабыз.

Кыргыз улуттук агрардык университетинде чет тилдер кафедрасынын базасында англис жана немис тилдеринде курстар уюштурулат. Заманбап лингафондук лабораториялар бар, ал жерде студенттерге компьютердик технологияларды колдонуу менен электрондук которууну өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү берилген.

Чет тилдеринин курстары билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошту. Курстар жумасына 3 жолу өткөрүлөт. Уметов Кенжебай Каратаевич – Чет тилдер кафедрасынын башчысы жана чет тилдер курсунун башчысы. Студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында чет мамлекеттерден келген волонтерлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, студенттерге алардан сабак алууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Курстарда студенттер англис жана немис тилдерин тереңдетип билим алышат.

Курстардын негизги максаты студенттерге жогорку билим берүү, ошондой эле чет өлкөлөрдө стажировка өтүү жана биздин өлкөдө тажрыйбаларын колдонууга мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.

Кафедранын курамы

Уметов Кенжебай Каратаевич

Чет тилдер кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент.

E-mail: umetov_k@mail.ru

Кененирээк...

Жамгырчиева Гулмира Толебаевна

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин чет тилдер кафедрасынын улуу окутуучусу
E-mail: jgulmira2011@mail.ru
Кененирээк...

Абылгазиева Чынара Акыловна

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин чет тилдер кафедрасынын окутуучусу
chinara_8787@mail.ru
Кененирээк...

Бектемирова Гүлмира Өзүбековна

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин чет тилдер кафедрасынын улуу окутуучусу
E-mail: gbektemirova1968@gmail.com
Кененирээк...

Бектемирова Майрамхан Ысаковна

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин чет тилдер кафедрасынын улуу окутуучусу
E-mail: mairamysakova1953@gmail.com
Кененирээк...

Канатова Назгул Тологоновна

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин чет тилдер кафедрасынын улуу окутуучусу
E-mail: kanatova_nazgul@mail.ru
Кененирээк...

Дикер Джулиан Симон

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин чет тилдер кафедрасынын улуу окутуучусу
E-mail: julian.dicker@gmx.de
Кененирээк...

Байболотова Жамийла Талантовна

Окутуучусу
E-mail: zbaibolotova@mail.ru
Кененирээк...

Банда Кондвани

Окутуучусу
E-mail: kondwanibanda2017@gmail.com
Кененирээк...

Чет тилдер кафедрасынын тарыхы

К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин чет тилдер кафедрасынын тарыхы өтө бай. Ал 1938 – жылы айыл – чарба институтунда чет тилдер кабинети катары ачылган. Кабинетке жооптуу улуу окутуучу Л. И. Высоцкая болгон.

1943 – жылы чет тилдер кафедрасы болуп уюшулган, аны В. И. Карпов жетектеген. 1950 – жылдары кафедрада англис, немец, орус жана латын тилдери окутулган. 1981 – жылы орус жана кыргыз тилдери өз алдынча кафедра болушуна чечим кабыл алынып, кафедра болуп бөлүнгөн. Бул жылдары чет тилдер кафедрасын В. И. Карпов, Л. Е. Сорокина, Г. Н. Прилуцкий, Д. М. Сейитов, Т. А. Абдыласова, Р. Ч.Чойбеков, Б. А Исабековалар жетектеген.

2006 – жылдан 2013 – жылга чейин кафедраны Уметов Кенжебай Каратаевич жетектеген. 2013-жылы кыргыз жана орус тили кафедрасына чет тилдер кафедрасын бириктирүү боюнча чечим кабыл алгандыгына байланыштуу, чет тилдер кафедрасы жабылган.

2016 – жылы кайрадан чет тилдер кафедрасы өз алдынча кафедра болуп уюшулуп, аны азыркы убакта филология илимдеринин кандидаты, доцент Уметов Кенжебай Каратаевич жетектейт. Кафедранын окутуучулары Кыргызстандагы жана чет элдеги ар түрдүү билим өркүндөтүү семинарларына катышат. Азыркы учурда чет тилдер кафедрасында 10 штаттык окутуучулар, анын ичинен 1 профессор, 4 улуу окутуучу, 5 ассистенттер эмгектенишет.

Учурда чет тилдер кафедрасы К. И. Скрябин атындагы КУАУнун күндүзгү бөлүмүнүн бардык адистиктеги студенттеринин I, II курстарына англис жана немис тилдеринен сабак өтүшөт. Андан тышкары кафедра мүчөлөрү магистранттар, аспиранттар жана илим изилдөөчүлөр менен дагы иш алып барат.